• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сокулукта мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн үй салынууда

Аймак 0

Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Сокулук районундагы Крупская айыл өкмөтүндө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курула турчу көп кабаттуу турак-үйдүн пайдубалына капсула салуу аземине катышты.

“Ассанабил” кайрымдуулук фонду айыл өкмөтү тарабынан бөлүнгөн тилкеге “Чүй облусунун жаш майыптар” коомунун мүчөлөрү үчүн көп кабаттуу үй курууга киришти.

Аталган коомдук бирикменин төрагасы Эрнис Мыктыбек уулунун айтуусу боюнча, имараттын ичинде ширетүүчү цех, тигүүчү цех жана окуу борбору орун алат.

Иш-чаранын жүрүшүндө жеке ишкер Улан Жусупов “Чүй облусунун жаш майыптар” коомуна эки кабаттуу үйдүн ачкычын тапшырды.

Өзүнүн сөзүндө министр көп убакыттан бери Кыргызстандын аймагында ийгиликтүү социалдык долбоорлорду ишке ашырып келе жаткан демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий