• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Нуран Ниязалиев ТИМдин эмгек жамаатына тааныштырылды

Саясат 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков КР ТИМдин эмгек жамаатына жаңыдан дайындалган Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевди тааныштырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Нуран Ниязалиев Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Өкмөттүн аппаратынын өкүлү жана ТИМдин жалпы жамааты Ниязалиевдин ишинен ийгиликтерди каалашты.

Пикир

Оставить комментарий