• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ош шаарында “Эне тилим - менин дилим” аттуу жаштар акциясы өттү

Аймак 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын жанындагы аянтчада бүгүн, 20-февралда Эне тилдин эл аралык күнүнө карата иш-чаралардын алкагында “Мен кыргыздын жараны” деген ураан алдында “Эне тилим - менин дилим” акциясы өттү.

Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, акциянын алкагында шаар жаштары, ар улут өкүлдөрү жөө жүрүш жасашты.

Ошондой эле шаардык маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулган концерттик программа тартууланды.

Чогулгандарды Эне тилдин эл аралык күнү менен Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча облустук башкармалыгынын башчысы Алмагүл Тилекматова, шаардагы жогорку жана орто атайын окуу жайлардын, жаштардын өкүлдөрү куттукташты.

Бул күн 1999-жылы ЮНЕСКО эл аралык уюмунун 30-сессиясында белгиленген. 2000-жылдан бери тил жана маданий түрдүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында 21-февралда белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий