• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ош шаарынын мэри майыптыгы бар балдардан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 3-декабрда, Ош шаарында майыптыгы бар жарандарды коргоо күнүнө карата бир катар иш-чаралар өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборуна жана көзү азиз, көрүүсү начар балдардын мектеп интернатына барды.

Калаа башчысы балдардын чакан концерттик программасына күбө болуп, коомдун аярлуу балдарына мэрия тараптан дайым көңүл бурулуп тураарын айтты.

"Мэр реабилитациялоо борборунун жана мектеп интернатынын абалы менен да таанышып чыкты. Мындагы балдарга көмөк иретинде бөлүнгөн 10 миң сом акчалай жардам жана балдар үчүн азык-түлүк баштыктарын тапшырды", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Ош шаары боюнча жалпы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 7миң 133тү түзөт. Анын ичинен 983ү 18 жашка чейинки балдар.

Бүгүнкү күнгө карата жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Анын 20 миңи ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, өтө оор шартта жашаган 4 жаранга берилди. Дагы 100 жаранга 1000 сомдон тапшырылды. Аны менен катар мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кам көргөн 3 мекемеге 10 миң сомдон бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий