• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ошто 100дөн ашык аз камсыз болгон үй-бүлөгө жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге азык-түлүк берилди

Аймак 0

Бишкек, 26.04.22./Кабар/. Бүгүн, 26-апрелде, Ош шаарынын борбордук аянтында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кайрымдуулук жардам көрсөтүү акциясы өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акцияга Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев катышып, Рамазан айында жардамга муктаж жарандарга колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жалпысынан шаардын бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарынан 105 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлдү. Акцияны “Бактылуу коом” коомдук кайрымдуулук фонду Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий