• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 17.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Ош облусунун аймагында өткөн күнү күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу УИАнын сейсмология институтунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү убакыт боюнча жер титирөө түнкү саат 01:54 катталган. Жер титирөөнүн очогу Алай тоо кыркаларында жайгашып, Бор-Дөбө айылынан чыгышты карай 6 чакырым аралыкта болгон.

Очогунда жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга жеткен, ал эми калктуу пункттарда 2-3 баллга чейин жеткен.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Пикир

Оставить комментарий