• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

БУУнун Өнүктүрүү программасы Тажикстанга 8 тонна дезинфекциялык каражат берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигине жардам катары 46 миң долларлык дезинфекциялык каражаттарды берди.

Сегиз тонна хлор күкүмүнөн жана антисептик суюктугунан турган жардам Душанбедеги жана аймактардагы медициналык мекемелерге бөлүштүрүлөт.

ПРООН өткөн айда Душанбе менен өлкө аймактарынын ортосундагы маалымат жана тажрыйба алмашууну жакшыртуу максатында Тажикстанга маалыматтык-коммуникациялык технологияларды тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий