Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Баку шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын (КӨАК) тараптарынын 29-конференциясына катышуунун алкагында Пакистан Ислам Республикасы тарабынан уюштурулган климаттык каржылоого арналган бийик деңгээлдеги тегерек столдо сөз сүйлөдү.
Президент өз сөзүндө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери бардык өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнө олуттуу коркунуч туудуруп жатканын, ошондуктан климаттык каржылоо темасы өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгилеп өттү.
Мамлекет башчысы БУУнун Алкактык Конвенциясынын 29-конференциясында климаттык каржылоонун жаңы жалпы максаттары боюнча чечим кабыл алууда - тийиштүү каржылоосуз көптөгөн долбоорлор кагаз жүзүндө гана каларын эске алуу зарылдыгын айтты.
Садыр Жапаров эл аралык климаттык каржылоону бөлүп берүү жоопкерчилиги өлкөлөрдүн эмиссияларынын жана экономикалык өнүгүү деңгээлинин пропорционалдуулугуна жараша болушу керектигин белгиледи. Ушуга байланыштуу, өнүгүп келе жаткан аялуу өлкөлөрдү колдоо үчүн жоопкерчилик глобалдык эмиссия үчүн эң жооптуу мамлекеттерге жүктөлүшү керек.
Президент өнүккөн өлкөлөр тарабынан бөлүнгөн климаттык каржылоону алуу механизмдеринин татаалдыгына – финансылык ресурстар чачыранды бөлүштүрүлгөндүгүнө, бул алардын эффективдүү бөлүштүрүлүшүнө тоскоолдук жаратып жатканына токтолду. Ал жеке сектор климаттык каражаттарды топтоодо кыйла активдүү роль ойношу керек, анткени экономиканын негизги кыймылдаткычы болуп, «жашыл» экономикага өтүүнү камсыздайт, деген пикирин билдирди.
Мындан башка мамлекет башчысы климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана анын кесепеттерин жумшартууга багытталган туруктуу долбоорлорду колдоо үчүн каржылык ресурстарды тартууга өбөлгө болчу инновациялык механизмдерди жана инвестициялык куралдарды түзүүгө чакырды. Ал Кыргызстан Жоготуулар жана зыяндар фонду ишке киришин тездетүүнү колдоорун айтып, каржылоо механизмдерин түзүүдө бардык өлкөлөрдүн, анын ичинде тоолуу өнүгүп жаткан мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуу маанилүү экенин айтты.
Сөзүн жыйынтыктап жатып, президент Садыр Жапаров жалпы максатка жетүү үчүн - келечек муундардын тынчтыгы жана бакубаттуулугу үчүн климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий