• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Самат Сүймалиев "Алга" футбол клубунун башкы машыктыруучусу болду

Спорт 0

Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын “Алга” футболдук клубунун жаңы башкы машыктыруучусу болуп Самат Сүймалиев дайындалды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин Сүймалиев Кыргызстандын жаштар курама командасын (U-17) жетектеп келген.

Самат Сүймалиевдин айтымында, машыктыруучулардын курамында айрым өзгөрүүлөр болгон. Руслан Жаныбеков клубда дарбазачылардын машыктыруучусу, ал эми Бакай Зайырбеков машыктыруучунун жардамчысы болуп иштейт.

Сүймалиевдин келишими 2023-жылдын сезону аяктаганга чейин, дагы да узартылышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий