• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык спортчулар ок атуу боюнча Азия биринчилигине катышат

Спорт 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Катарда өтүп жаткан ок атуу боюнча Азия биринчилигине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Мелдеш 3-14-ноябрда Катардын Доха шаарында өтүүдө.

Ок атуу жарышына Кыргызстандын атынан 4 спортчу катышат. Алар Асхат Токмоков, Анастасия Щуковская, Бактыгүл Махмадова жана Айгерим Кеңешбекова.

Улуттук курамга Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 1 миллион 180 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий