• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Сарымсак сасык тумоого жана тиш ооруга дары

Дүр дүйнө 0

Сарымсактын азыктык баасы өтө жогору болот да, ал дары ордуна да колдонулат. Сарымсак тамактын даамын келтирүүдөн сырткары канды өз калыбына жакшы келтирүү, шишиген жерди кайтаруу, микробдорду өлтүрүү касиетине ээ. Сарымсактын адам баласында, жан-жаныбарларда денесиндеги бардык болгон микробдорду өлтүрүү күчү жогору.

Сарымсак жылдын 4 мезгилинде дары болуп, аны пайдалануу орду өтө кеңири. Кыш, жай айларында сууга чыланган сарымсактан дайыма аздыр-көптүр жеп турса мээ кабыгынын сезгенүүсүн алдын алууга болот.

Кыш мезгилинде сарымсакты майдалап, ага суу кошуп мурунга күнүнө бир жолу тамызып турса, тумоонун алдын алат.

Сарымсакты майдалап, үшүккө алынган жерге 5-6 күнгө чейин күнүнө кечкисин сүртүп турса үшүк алган жер айыгат. Тамак же ангина оорусуна чалдыкканда сарымсактын суусун чыгарып ичсе, сезгенүүсүн кайтарып, ооруну айыктырат.

Курт чагып алган жердеги шишикти сарымсактын суусун чыгарып сүртсө, шишикти кайтарып ооруган жерди токтотот. Тиш ооруганда тиштин курт жеген жеринин көзөнөгүн жакшы тазалап, талкаланган сарымсакты бир аз басып койсо 4-5 мүнөттөн кийин тиш оору басылат. Эгер ачуу же таттуу азыктарды жеп тишти оорутуп алсаңыз, көк сарымсакты чайнасаңыз эле бир аздан кийин ооруганы басылат. Сарымсактын даамы ачуу, касиети өтө күчтүү болгондуктан, аны көп жегенге болбойт, асыресе ашказан ооруган кишилер сарымсакты көп жегенден сактаныш керек.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий