• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Шайлоо системасын чет элдик адистер башкарбайт - Шайлдабекова

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 11.09.17 /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Шайлоо системасын чет элдик адистер башкарбайт. Бул тууралуу Борборшайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өтүп жаткан Коопсуздук кеңешинин шайлоого даярдануу боюнча жыйынында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин системаны чет элдик адистер башкарат деген сындар айтылып келген. “Бүгүнкү күндөөзүбүздүн 10 эксперт даярдалып, алар өлкө боюнча операторлорду окутуп жатышат. Башта чет элдиктер окутушчу. Акырындап өз алдынча тейлөөгө өтүп жатабыз”, - деди ал.

Шайлдабекова бардык коддор БШКда экенин белгиледи.

Ал колго эсептөөнүн протоколдорунун сканерленген версиясы БШКнын сайтына автоматтык эсептөөчү урналардын жыйынтыктары менен бирге автоматтык түрдө коюларын айтты. Бул добуш берүүдөн 2-3 сааттан кийин ишке ашат,

“Биз протоколдордун көчүрмөлөрүнө АШКга алып кете электе ээ болобуз”,- деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий