• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Шавкат Мирзиёев 226 кишиге ырайым кылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. 12-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Жасаган кылмыштары үчүн өкүнүп, оңолуу жолуна түшкөн камактагы адамдарга ырайым берүү тууралуу» жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, алгачкы жолу Ыйык Рамазан айынын урматына жана Өзбекстан Конституциясынын 93-беренесинин негизинде 226 кишиге мунапыс берилет.

Алардын 102си жазадан толук кутулат. 71и шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкса, 39 адамдын жазасы жеңилдетилип, жалпысынан абактардан 212 киши бошотулат. Андан тышкары 14 адамдын камактагы мөөнөтү кыскарат.

Ырайым берилгендердин 40ын 60 жаштан ашкандар, 39ун чет өлкө жарандары, 37син аялдар жана 51ин тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүктөрүнө катышкандар түзөт.

Жарлыкты ишке ашыруу үчүн жооптуу министрликтер менен мекемелерге абактан чыккан адамдардын туугандары менен жакындарына жетүүсүнө, социалдык адаптациясына, пайдалуу иштер менен алектенүүсүнө жана коомдо татыктуу ордун табуусуна көмөктөшүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий