• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Штаб: Бишкекте COVID-19 жуктуруп алгандардын саны жогорулап жаткандыгы байкалууда

COVID - 19 0

Бишкек, 14.06.20. /Кабар/. Акыркы кездерде Бишкек шаарынын тургундарынын арасында COVID-19 дартын жуктуруп алган учурлардын саны жогорулап жаткандыгы байкалууда.

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында белгиленгендей, күн сайын эпидемиологдор инфекция булагын аныктоо көйгөйүнө дуушар болууда, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Ооруну жуктуруп алуу булагы аныкталбаган жактардын көпчүлүгү өзүнүн ооруп калгандыгын базарларга баруусу жана коомдук транспортто жүрүүсү менен байланыштырууда. Коомдук транспортту 60-70% ашык толтурбоо жана анда милдеттүү түрдө маска кийүү талабын мониторингдөө боюнча ишти күчөтүү зарыл, анткени, коомдук транспортто социалдык обочолонууну сактоо кыйынчылыкка турат», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары – Республикалык ыкчам штаб Жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев.

Ошондой эле ал мындай шартта оору жугузуп алгандарды эртелеп аныктоо жана оору жугузуп алган адам менен тыгыз байланышта болгон жактарды өз учурунда изоляциялоого өзгөчө басым жасоо зарыл экендигин белгиледи.

«Ири соода базарларынын кире беришинде базар кызматкерлеринин дене табын текшерүү үчүн стационардык тепловизорлорду орнотуу зарыл. Дене табы жогору экендиги аныкталган кызматкерлер ишке кое берилбеши керек. Ден-соолугу кооп туудурган пенсия курагындагы адамдар коомдук жайларга баруудан кармануулары сунушталат. Өлкөнүн ар бир жараны тийиштүү санитардык талаптарды аткаруусу абзел. Жалпыбыздын коронавирус илдетине каршы күч-аракетибиз координацияланып, ырааттуу болушу абзел. Биздин негизги милдетибиз COVID-19 пандемиясы шартында мекендештерибиздин коопсуздугун камсыздоо болуп саналат», - деп жыйынтыктады Алмаз Кененбаев.

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында өлкө боюнча «118» колл-борборунун маалыматтык-агартуу ишин жана мобилдик бригадалардын ишин күчтөндүрүү зарылдыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий