• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Сот системасын сөзсүз түрдө реформа кылабыз – Жапаров

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Сот системасын сөзсүз түрдө реформа кылабыз. Бул тууралуу маалымат жыйында мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо алдыда келе жаткан Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, сот системасын 100 пайыз болбосо дагы 90-95% көз карандысыз кылышыбыз керек.

“Анткени дүйнөлүк практикада соттор көз каранды болсо, анда ал өлкөдө адилеттүүлүк, мыйзамдуулук жок болот. Андан элдин нааразычылыгы дагы күчөйт. 2011-жылы мен депутат болуп турганда сот системасын реформалоо боюнча комитеттин төрагасы болгом. Ошол мезгилде реформаны баштагам, бирок реформага каршы чыккандар мени төрагалыктан кетирип, бүгүнкү көз каранды сот системасын түзүп алган. Мыйзамдар кайрадан жазылган. Ошол кезде күчүм жеткен эмес. Анда депутат болчумун. Эми, буйруса көз карандысыз сот сиситемасын түзөбүз”, - дейт ал.

Бүгүн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өттү. Автоматтык эсептөө урналардын алдын ала маалыматы боюнча Садыр Жапаров 79,25% добуш менен сап башында келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий