• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

"Спутник V" вакцинасы: кандай каршы көрсөтмөлөрү бар?

COVID - 19 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Коронавируска каршы Республикалык штаб "Спутник V" вакцинасынын кандай каршы көрсөтмөлөрү бар экендиги тууралуу маалымат даярдады.

Эмдөө эки этапта жүргүзүлөт: алгач I компонент 0,5 мл дозада алынса, 21-күнү II компонент дагы 0,5 мл дозада алынат. Вакцина ийин булчуңга жасалат.

Каршы көрсөтмөлөр болуп төмөнкүлөр саналат:

- Спутник V вакцинасынын кандайдыр бир компонентине же ушуга окшош компоненттерди камтыган башка вакцинага жогорку сезгичтик (бул эмдөөнүн алдында бейтапты текшерүүдө дарыгер тарабынан такталат);
- анамнездеги оор аллергиялык реакциялар (буларга төмөнкүлөр кирет: Квинке шишиги, анафилактикалык шок);
- курч жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар – бул учурда, эмдөө, айыккандан 2-4 жума өткөндөн кийин жасалат. Оор эмес курч респиратордук вирустук инфекцияларда, ашказан-ичегинин курч жугуштуу ооруларында эмдөө дене табы турукташкандан кийин жүргүзүлүшү мүмкүн;
- өнөкөт оорулардын күчөшү - эмдөө ремиссия (калыбына келтирүү) башталгандан 2-4 жума өткөндөн кийин жасалат;
- 22 жумага чейинки кош бойлуулук жана эмчек эмизүү мезгили;
- 16 жашка чейин балдарга

Вакцинанын экинчи компонентин киргизүүгө каршы көрсөтмөлөр:

Эгерде биринчи эмдөөдөн кийин, анын кыйыр таасирери пайда болсо, бейтапка Спутниктин экинчи дозасынан медициналык бошотуу (медотвод) берилет. Аларга төмөнкүлөр кирет:
- анафилактикалык шок,
- оор жалпы аллергиялык реакциялар,
- карышуу, тырышуу синдрому, дене табынын 40°С жогору ж.б.

Кайрадан эмдөө аллергиялык реакция пайда болгон мурунку вакцинанын дозасын алгандан 3 айдан кийинки убакта башка вакцина менен жасалат.

Пикир

Оставить комментарий