• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Статистика: Бүгүн дагы 696 адамдан COVID-19 жаңы табылып, тогуз бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 4-августка карата коронавирус дагы 696 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 339, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 84, Ош облусунда –44, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 15, Ысык-Көл облусунда – 50, Жалал-Абад облусунда – 89, Баткен облусунда – 51 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 1 миң 681 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча тогуз бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 393 бейтап, амбулатордук түрдө 8 миң 270 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 166 миң 236 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 150 миң 852 киши айыгып чыкса, 2 миң 363 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий