• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Сузакта бетон мамычалар орнотулуп, изоляцияланган зымдар тартылууда

Аймак 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ак-Мечит айылында 17 даана жаңы бетон мамыча орнотулуп, 0,4 кВ өзүн тартуучу изоляцияланган зымдар тартылууда. Бул тууралуу “Жалалабатэлектр” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган зымдар, аба ырайынын кескин өзгөрүүлөрүнө туруштук бере алат, кыска туташуу жана жер менен туташуу сыяктуу авариялык өчүүлөр бул өткөргүчтөрдө болбойт. 0,4 кВ чыңалуудагы ар бир электр мамычага темир конструкциялар колдонулабайт. Дагы бир артыкчылыгы 0,4 кВ чыңалуудагы чубалгысын уурдап колдонууга бөгөт коюлган.

Үстүбүздөгү жылы, район боюнча 1 чакырым 600 метр өзүн тартуучу изоляцияланган зым , Благовещенка, Бек-Абад, Барпы айылдарына тартылат.

Учурда бардыгынын электр мамычалары орнотулуп бүткөн.

Пикир

Оставить комментарий