• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Төрт алтын, эки күмүш. Таяк тартыш боюнча спортчулар АКШдагы мелдештен кайтып келди

Спорт 0

Бишкек, 08.03.24./Кабар/. Кыргызстандын таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү АКШда өткөн Arnold Classic турниринен кайтып келишти.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчулар түшкөн учак бүгүн “Манас” эл аралык аэропортуна келип конду.

Аларды Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун Олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улан Шаяхматов, спортчулардын туугандары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Эске салсак, Кыргызстандын таяк тартыш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү 29-февралдан 3-мартка чейин Arnold Classic эл аралык турнирине катышкан.

Кыргызстандын байге куржунунда 4 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль бар.

Пикир

Оставить комментарий