• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Үзүр Жусупбеков Түркиядагы эл аралык мелдеште коло байге утту

Спорт 0

Бишкек, 08.03.24./Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Үзүр Жусупбеков күрөш боюнча Yasar Dogu&Vehbe Emre аттуу эл аралык мелдеште коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Түркиянын Анталия шаарында өтүүдө. 7-мартта башталган биринчилик 11-мартта аяктайт.

Кыргызстандык спортчу 97 кг чейинки салмакта күч сынашты. 1/16 финалда өзбекстандык, кийин грузиялык балбанды артта калтырды. 1/4 финалда ирандык балбанга утулуп, бирок коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

3-орун үчүн беттеште дүйнөнүн эки жолку чемпиону, түркиялык Метехан Башаровду жеңип, коло байгени багындыра алды.

Пикир

Оставить комментарий