• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Тарыхта алгачкы жолу. Космоско жалаң аялдардан турган экипаж учат

Дүйнө 0

Бишкек, 22.02.19. /Кабар/. Тарыхта биринчи жолу эки аял бир убакта космоско учат. Бул тууралуу РИА Новости Космонавттарды даярдоо борборуна шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, америкалык Энн Макклейн менен Кристина Кук ачык космоско учат.

Эң биринчи 1984-жылы космоско учкан аял Светлана Савицкая болгон. Андан бери жалаң аялдардан турган экипаж космоско учкан факт кездеше элек болчу.

Энн Макклейн азыркы тапта эл аралык космостук станцияга келген. Ал эми “Союз-МС-12” кемеси менен россиялык Алексей Овчинин, америкалык Ник Хейг жана Кристина Куктар 14-март күнү ачык космоско учушат. Алар космосто 203 күн болушат.

Космонавттар орбитаны сырткы жагынан сүрөткө тартып жана башка илимий тажрыйбаларды жүргүзүп, кайра кайтышат.

Пикир

Оставить комментарий