• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Тажикстанда 20 миңден ашык адамга ырайым берилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкө Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына карата парламенттин төмөнкү палатасынын кароосуна «Мунапыс тууралуу» мыйзам долбоорун сунуштады. Бул тууралуу 16-октябрда мамлекет башчынын сайты кабарлады.

Мыйзам долбооруна ылайык, жалпысынан 20 миңден ашык шектүүгө, айыпталуучуга жана соттолуучуга ырайым берүү каралууда. Алардын ичинен үч миңден ашык адам абактан чыкса, дагы беш миңи эркинен ажыратууга байланышпаган башка жазалардан бошотулат. Мындан тышкары мыйзам учурда иштери тергелип жаткан же сотто каралап жаткан эки миңден ашык адамга карата дагы колдонулат.

Маалыматтарга караганда, бул мунапыстын алкагында оор кылмыш кылып, бирок 12 жылдан ашык түрмөдө отурган аялдарга, 70 жаштан ашкан эркектерге, 10 миң сомониден (1000 доллар) көп эмес өлчөмдө пара берген же алган адамдарга жана чет өлкөлүк жарандарга ырайым берилет.

Тажикстанда өлкө эгемендүүлүк алгандан бери 15 жолу мунапыс жарыяланган. Буга чейинки «Мунапыс тууралуу» мыйзам 2016-жылы августта кабыл алынып, 12 миңден ашык кишиге ырайым берилип, 3 миң адам эркиндикке чыккан.

Пикир

Оставить комментарий