• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Тажикстанда кар көчкүдөн үч киши каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Тажикстандын Согди облусуна караштуу Айни районунда кар көчкү түшүп, үч киши каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 10-март күнү кечинде «Кооперация 19» аттуу тажик-кытай биргелешкен ишканасына жакын жерде болгон. Кырсыктан аталган компанияда иштеген тажикстандык үч жаран көз жумган. Куткаруучулар алардын сөөктөрүн кар алдынан алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришти.

Кырсык болгон аймакта Кытайдын TBEA компаниясына таандык алтын кени жайгашкан. Ал кытайлык компанияга Душанбедеги жылуулук электр борборун куруп бергени үчүн өткөн.

Пикир

Оставить комментарий