• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Темир жол транспортунда жүк айлантуу 13% өстү

Экономика 0

Бишкек, 13-июнь /Кабар/. Жыл башынан бери өткөн жылга салыштырмалуу темир жол транспортундагы жүк айлантуу 13%пайызга өскөн. Мындай маалыматты Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жүк айлантуудагы өсүш Кыргызстанга келген товарлардын санын өсүшүнө байланыштуу болгон. Тагыраагы, өлкөгө келген жүктүн саны 225 миң тоннага көбөйгөн.

Жүк ташуунун көбөйүшү Кыргызстандын негизги өнөктөшү болгон Казакстан менен Россиядагы экономикалык кырдаалдын жакшырышы, ошондой эле, 2017-жылдын 2-мартынан тартып Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы темир жол транспорттору аркылуу өткөн товарды унификациялоо келишими иштеп башташы менен түшүндүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий