• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Тышкы иштер министрлиги чет жердеги жарандарды алар жүргөн өлкөдө калып турууга чакырды

Коом 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги чет жердеги жарандарды ал жашаган өлкөдө калып турууга чакырды.

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев коронавирустан улам көптөгөн өлкөлөр аба мейкиндиктерин жапкандыктан жарандарды алып келүү үчүн чартердик каттамдарды уюштуруу мүмкүн болбой жаткандыгын айтты. Мындан улам ал чет жердеги жарандарды абал турукташканча алар жүргөн өлкөдө калып турууга үндөдү.

"Дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен абал турукташканга чейин чет өлкөдөгү кыргызстандык жарандарды мүмкүн болсо жашаган жерлеринде калууну сунуштайбыз. Жергиликтүү бийликтин талаптарын, сунуштарын, санитардык эрежелерди жана карантиндик режимди так аткаруу керектигин белгилейбиз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 9-апрелге карата коронавирус жуктурган 10 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 280ге жетет. Алардын ичинен 30 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий