• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

УКМК Бишкекте билим берүү тармагындагы коррупциялык схемага бөгөт койду

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Бишкек шаарындагы билим берүү тармагындагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы мектептерге балдарды киргизүү үчүн акча талап кылуу жана мыйзамсыз акча каражаттарын алуу фактылары боюнча дагы бир кылмыш иши козголду.

Ленин райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси А.Г.М. менен А.К.О. аттуу жаран келишим түзүп, башка райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери менен жеке баюу максатында мыйзамсыз акчалай сыйлыктарды алып, балдарды ар кайсы мектептердин 1-классына киргизүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурушкан.

Атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө козголгон кылмыш ишинин алкагында КР жараны А.К.О. ортомчулук милдетти аткарып, балдарды 1-класска киргизүү үчүн алган 20 миң сом акчалай каражат менен УКМК тарабынан кармалды.

Коррупциялык схема уюштурган шектүүлөр кармалып, күнөөсүн мойнуна алышкан, ошондой эле бул боюнча башка фактылар жана тиешеси бар адамдар тууралуу да маалымат беришкен. Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мектептик билим берүү системасында акча талап кылуу тууралуу дагы башка фактылар катталып, алар боюнча керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК Бишкек шаарынын билим берүү тармагында ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча активдүү иш алып барууда жана жарандарды республиканын орто билим берүү уюмдарында опузалап пара талап кылуу фактылары болсо төмөнкү телефон номери аркылуу билдирүүнү өтүнөт: 0312 660485.

Пикир

Оставить комментарий