• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

ЖК депутаттыгына талапкер Токон Мамытов: Бизге керек өзгөрүүлөр. Келечекти аныктай турган тандоо

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Токон Мамытов Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер.

Келечектеги бюджеттик саясаттын модели

Бүгүнкү күндө, бюджеттик саясатты түп-тамырынан бери карап чыгуу талап кылынат.

Келечектеги бюджеттик саясаттын модели негизги, төмөнкү беш багытты камтуусу зарыл:

1. Мамлекеттин ички мүмкүнчүлүктөрү менен чыгымдарынын ортосундагы тең салмактуулук.
2. Учурдагы каржылоо системасын өзгөртүп, программалык каржылоого өтүү. Негизги себеп мамлекеттеги каржылоодо жем корлукту жоюу.
3. Мамлекеттик бюджет системасын заманбап банктык технологияларга өткөрүү менен жем корлуктун бардык көрүнүштөрүн минималдаштыруу керек.
4. Мамлекеттин ички каржылык мүмкүнчүлүгүн даректүү багыттагы долбоорлорго жана программаларга колдонууга жиберүү.
5. Мамлекеттин карыз саясатын кайра карап чыгуу зарыл. Чет элдик насыяларга жана гранттарга гана таянуу – ийгиликсиз тажрыйба.

Билим берүүдөгү келечек

Билим – келечек муундарды, улуттун келечегин калыптандыруунун негизги элементи. Билим сапатынын өнөкөт төмөндөө тенденциясы байкалууда.

Келечектеги билим берүү системасынын маанилүү багыттарынын бири сапаттуу билимдин болушу зарыл, бул үчүн төмөнкү маселелерди карап чыгуу сунушталат:
• аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн окуучу жана студент балдарын, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды даректүү колдоо;
• ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге бала кезинен баштап коомго аралашууга мүмкүндүк берүүчү инклюзивдик билим берүүнү киргизүү;
• мектеп окуучулары жүрүүчү атайын акысыз автобустарды уюштуруу;

Бюджеттик каржылоону рационалдаштыруу билим берүүнүн сапатын жогорулатат.

Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн билим берүү системасына кесипкөй, жоопкерчиликтүү, компетенттүү педагогикалык кадрларды тартууга басым жасоо зарыл.

Саламаттыкты сактоонун сапаты жана жеткиликтүүлүгү

Калкты медициналык жактан тейлөө жетишсиздигинин себептеринин бири, калктын кирешесинин төмөндүгү.

Медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
• жыл сайын үй-бүлөлүк медицина борборлорун керектүү заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу;
• социалдык жактан жарандардын аялуу жана аз камсыз болгон катмарына социалдык паспорттун негизинде акысыз медициналык жардам көрсөтүүнү, мамлекеттик кепилдиктер программасына мыйзамдык жактан бекитүү.

Энергетикалык системанын туруктуулугу

Энергетика тармагы эффективдүү иштеши үчүн бул жаатта түп-тамырынан бери реформаларды жүргүзүү зарыл.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн төмөнкү чараларды көрүү зарыл:

• энергетика секторунун активдерин көз карандысыз жана объективдүү кайра баалоону жүргүзүү;
• компаниялардын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу шарты жана жыйынтык чыкпаган учурда мыйзам алдында жооп берүү шарты менен энергетикалык компаниялардын топ-менеджментин ишке алууда конкурстук системаны киргизүү;
• жоготууларды азайтуу, тармакты техникалык жактан кайра жабдуу, энергиянын альтернативдүү булактарын жана аларды субсидиялоо механизмдерин колдоо, экологиялык жактан таза жана үнөмдүү технологияларды тартуу боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн Энергия үнөмдөө фондун түзүү;
• суу товар катары саналгандыктан, коңшу өлкөлөр менен сууну пайдалануу жана суу үчүн акы төлөө маселелерин чечүү;
• экспорттолуучу электр энергиясына дүйнөлүк деңгээлде бааларды коюу;
• энергиянын альтернативдик булактарын өнүктүрүү программасын кабыл алуу жана күндүн, шамалдын жана энергиянын башка түрлөрүн айландыруучу жабдыктарды жасоонун алдыңкы технологияларын импорттоо.

Башкаруунун негизги принциптери

“Мамлекеттик машинаны” кесипкөй башкаруу бүгүнкү күндүн талабы.

Кыргызстандын эли, мамлекеттик система коомдун гүлдөп өнүгүшү үчүн укуктук жана институционалдык шарттарды түзүүчү инструмент катары кызмат кылган жаңы өлкөнү түзүүсү зарыл.

Төмөнкү багыттар боюнча иш алып барууну сунуштайм:
• Мамлекеттик мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийликтеринин бутактарын модернизациялоо.
• Административдик-аймактык түзүлүштү реформалоо жана башкаруунун ар кандай деңгээлдеринин ортосунда функцияларды жана ыйгарым укуктарды так бөлүштүрүүнү.
• Мамлекеттик кызматкерлердин жаңы муунун даярдоо зарылчылыгынын негизинде, алардын окуусун, кызмат өтөө жол-жоболорун, жоопкерчилигин карап чыгуу сунушталат.

Ошондой эле принципиалдуу чечимдер сот жана укук коргоо тутумунун ишмердүүлүгүн, экономиканын өнүгушүн, элдин жыргалчылыгын жана улуттун коопсуздугун камсыздоо маселелеринин үстүнөн иштөө талап кылынат.

Материал «КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 18-пунктуна ылайык акысыз жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий