• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

УКМК: Кыргызстанга 1800 литр спирт ичимдиги мыйзамсыз ташылып келген

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Кыргызстанга 1800 литр спирт ичимдиги мыйзамсыз ташылып келген. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан “Актилек” көзөмөл-өткөрүү бекети аркылуу Кыргызстанга лицензия жана уруксат документтери жок спирт ичимдиктерин мыйзамсыз ташып келүү аракетине бөгөт коюлду.

“Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаа кармалып, айып токтотуучу жайга киргизилди. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, ташылып келген алкоголдун жалпы көлөмү 1800 литрге жакын.

“Учурда мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий