• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

"Вильярреал" командасына каршы оюнда Месси жаракат алды

Спорт 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси "Вильярреал" командасы менен болгон оюнда жаракат алды. Бул тууралуу Sports.ru басылмасы билдирет.

"Камп Ноу" стадионунда өткөн оюндун 2-бөлүгүнө Мессинин ордуна Усман Дембеле чыккан. Аргентиналык оюнчу сол санынын булчуңу ооруп жатканын билдирген.

Бүгүн Месси медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин анын кийинки кадамдары белгилүү болот.

Эскерте кетсек, "Барселона" жана "Вильярреал" командаларынын оюну 2:1 эсебинде аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий