• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ысык-Көл облусунда “Өспүрүм” рейди өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Коронавирус илдетинен улам түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мектептерде Акыркы коӊгуроо аземин салттуу режиминде өткөрүүгө уруксат берилбегендиктен, Ысык-Көл облусунда "Өспүрүм" атайын рейди өтүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Рейддин жүрүшүндө 300дөн ашык милиция кызматкерлери, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү менен бирдикте КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун талаптарын аткаруу боюнча көзөмөл жүргүзүшөт. Андан тышкары, мектеп бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери менен балдарын оюн-зоок мекемелерине жана эс алуу жайларына баруусуна жол бербөө максатында алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Пандемияга байланыштуу чектөөлөр мектеп окуучуларына гана эмес, мектепти аяктаганынын 10 жана 20 жылдыктарын белгилеген жарандарга дагы киргизилет. Эгерде алар мектептерге барууну чечишсе, анда медицина кызматкерлери көрсөткөн санитардык эрежелерин сакташы керек.

Жол коопсуздугунун камсыздоо максатында кошумча чаралар колго алынат. Бардык билим берүү мекемелери, массалык эс алуу жайлары облустук ички иштер органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө болуп, иш-чаралар учурунда ар кандай укук бузууларга жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүшөт.

Рейд үстүбүздөгү жылдын 27-майына чейин уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий