• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өзбекстан Россияга биргелешип коронавируска каршы вакцина өндүрүүнү сунуштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Өзбекстандын Фармацевтика тармагын өнүктүрүү боюнча агенттиги Ташкент облусундагы Tashkent Pharma Park илимий-өндүрүштүк фармацевтикалык кластеринин аймагында COVID-19га каршы орусиялык вакцинаны өндүрүүнү сунуштады.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, мындай сунуш менен орус тарапка агенттиктин башчысы Сардор Кариев кайрылган. Анын айтымында, кластердин аймагында иммунобиологиялык вакциналарды, анын ичинде коронавируска каршы россиялык вакцинаны өндүрүү боюнча долбоорду ишке ашырууга мүмкүн.

Иммунобиологиялык вакцина чыгаруу долбоору 53 миллион долларга, өндүрүш кубаттуулугу 120 миллион даана вакцинага бааланууда.

Кариев Өзбекстанда жарандарды эмдөө календарлык планга киргизилип, коронавируска каршы вакцинанын өндүрүү маселелери аныкталганын кошумчалады. Буга чейин өлкө президенти Шавкат Мирзиёев вакцинанын ар башка түрлөрүн өндүрүү боюнча аянтчаларды жана заманбап сыноо лабораторияларын түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

4-декабрда Россиянын өнөр-жай жана соода министри Ташкентке коронавируска каршы орусиялык вакцинанын үлгүлөрүн алып келген.

Алар вакцинаны Өзбекстанда каттоодон өткөрүп, өндүрүшкө уруксат берүү үчүн зарыл болгон сыноо иштерин жүргүзүүгө жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий