• 88.68
  • 95
  • 0.95

Самаркандда мыйзамсыз алтын казган эки киши урандынын алдында калды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Самарканд облусундагы «Каракутан» кенинде өз алдынча алтын казып жүргөн эки киши урандынын алдында калып, мерт болду. Бул маалыматты Өзбекстандын Башкы прокуратурасы тастыктады.

Сentralasian кызматы билдиргендей, окуя «Каракутан» кениндеги «Куш үйү» шахтасында болгон. Мыйзамсыз алтын издеп жүргөн үч кишини таш басып калган. 27 жана 30 жаштагы эки киши ошол замат мерт болгон, бирөө оор абалда ооруканага жеткирилген.

«Каракутан» кени Навои тоо-металлургиялык комбинатына таандык. Мурда кендин шахталарынан алтын казылып келген. Учурда кен иштебей турат, шахталарга алып барчу жол жабылган.

Бирок мыйзамсыз түрдө алтын казган кишилер коопсуздук эрежелерин сактабай, өз алдынча баалуу металл издөө иштерин улантып келишет.

Самарканд облусунун Пахтачин районунда калктын басымдуу бөлүгү мыйзамсыз түрдө алтын казуу иштери менен алектенери айтылып келет.

Пикир

Оставить комментарий