Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Самарканд облусуна караштуу Каттакурган жана Ургут райондорунда коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылаган эки борбор жабылды.
Облустук саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, Каттакургандагы борбор 200, Ургуттагы борбор 500 орунга ылайыкташтырылган.
Маалыматта бул борборлорго кайрылган бейтаптардын саны азайганы белгиленген.
Жергиликтүү басылмалардын билдиришинче, Самарканддын өзүндөгү COVID-19 борборунда да бейтаптардын саны кескин кыскарды. Ушул тапта борбордо 200дөн ашуун бейтап коронавирус шеги менен дарыланып жатат.
Бир нече күн мурда видеоконференция учурунда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев COVID-19 инфекциясын жуктурган кишилер азайганын, мындай бейтаптар үчүн бөлүнгөн орундардын 62% бош турганын билдирген.
Буга чейин Ташкенттеги Вирусология илимий-иликтөө институту, Эпидемиологиялык, микробиологиялык жана инфекциялык оорулар боюнча республикалык илимий-иликтөө институту кадимки иш ыргагына өтүп, башка илдеттерге чалдыккан бейтаптарды кабыл ала баштаганы айтылган.
Пикир
Оставить комментарий