• 87.86
  • 93.94
  • 1

Жайыл районунун Новониколаевка айылында 100 орундуу бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-январда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Новониколаевка айылында 100 орундуу бала бакча ачылды. Бул тууралуу КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен (АРИС) билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакча КР министрлер кабинети жана Ислам өнүктүрүү банкы тарабанын каржыланган “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоору тарабынан курулган.

Иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Төрөгелди Түркбаев, АРИСтин аткаруучу директору Бекжан Супаналиев, жана айыл тургундары катышты.

Бала бакчанын аянты 990 чарчы метрди түзүп, ал бардык керектүү эмерек, техника жана жабдуулар менен жабдылган.

Объекттин жалпы наркы 32 027 617 сомду түздү. Анын ичинен донордун салымы - 25 998 626 сом, айыл өкмөттүн салымы - 6 028 991 сом.

Пикир

Оставить комментарий