• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абад облусу Кытайдын Цзянси провинциясы боордоштук мамиле түздү

Аймак 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 22-сентябрда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Кытайдын Цзянси провинциясынын ортосунда боордоштук меморандумуна кол коюлду.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов жана Цзянси провинциясынын башчысынын орун басары Сунь Хуншань баштаган делегация курамы катышты.

Меморандумга ылайык мындан ары тараптар дипломатиялык жана достук мамилелерди бекемдөө боюнча натыйжалуу кызматташтыкты күчөтүүнү көздөйт. Ага соода-экономика, айыл чарбасы, илимий технологиялар, маданият, билим берүү, спорт жана саламаттык сактоо тармактары, адистердин тажрыйба алмашуусун ишке ашыруу багыттары камтылган.

Жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Жалал-Абад облусу туурадуу маалымат берип, кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарына токтолду. Ал ошондой эле, ири инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууда облус ишенимдүү өнөктөш боло алаарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин Жалал-Абад облусу КЭРдин Шаньси провинциясы, Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусу менен боордоштук мамилелерди түзүп, кызматташып келет.

Азыркы учурда облус аймагында 13төн ашуун биргелешкен кыргыз-кытай ишканалары бар. Алардын эң ириси алтын ыргалоочу “Макмал Голд Компани", "Кичичаарат" ЖЧКлары, "Балыкчы-Жалал-Абад" альтернативдик жолдун I-II фазасын жүргүзгөн "Чайна Роуд" компаниялары.

Пикир

Оставить комментарий