• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жалал-Абад шаары Россиянын Красноярск шаары менен кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаары Россиянын Красноярск шаары менен кызматташат

Муниципалитеттен билдиришкендей, меморандумга 11-октябрда Жалал-Абад шаарында өткөн “Кыргызстан менен Россиянын өнөр жай кооперацияларынын жаңы горизонттору” кыргыз-орус аймактар аралык X мааракелик конференциясында кол коюлду.

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана Красноярск шаарынын башчысы Владислав Логинов кол койгон меморандумга ылайык, Жалал-Абад шаары менен Красноярск шаары экономика, ишкердик, билим берүү, маданият, спорт жана туризм тармагын өнүктүрүү боюнча кызматташат.

Пикир

Оставить комментарий