• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында жаңы спорт комплекси ачылды

Аймак 0

Бишкек, 04.11.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Кантөрө Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде жаңы спорттук комплекс ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Исламбек Масабиров, шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, окуу жайдын ректору Сатыбалды Өмүрзаков, мугалимдер жана студенттер катышты.

"Жалпы аянты 1,2 миӊ чарчы метрди түзгөн имарат окуу жайдын демилгеси менен курулган. Имарат спорттун бир нече түрү менен машыгууга жана таймаш өткөрүүгө ылайыкташтырылып, заманбап жабдуулар менен камсыздалган", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова спорттук комплекстин ачлышы менен куттуктап, аталган жай жаштарды сергек жашоого үндөп, бош убактыларын пайдалуу өткөрүүсүнө шарт түзөрүн баса белгиледи.

Иш-чара спорттук мелдештер менен коштолду.

Эскерте кетсек, аталган окуу жайда 7 миңден ашуун студент билим алат.

Пикир

Оставить комментарий