• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абадда эр эңиш боюнча өлкө биринчилиги болуп өттү

Спорт 0

Бишкек, 11.11.19. /Кабар/. Жалал-Абадда эр эңиш боюнча Кыргызстандын биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында өтүп, ага өлкөнүн баардык облустары жана Бишкек менен Ош шаарларынан келген 50 спортчу катышкан.

Байге ээлери:

60 кг:

1-орун – Балбай Айдарбек уулу, Нарын облусу;

2-орун – Бектур Молдозак уулу, Талас облусу;

3-орун – Кутман Жусупбек уулу, Бишкек шаары.

70 кг:

1-орун – Ильгиз Баймырзаев, Жалал-Абад облусу;

2-орун – Сыдыгалы Нурмухамед уулу, Талас облусу;

3-орун – Марлен Осмоналы уулу, Нарын облусу.

80 кг:

1-орун – Руслан Молдокулов, Чүй облусу;

2-орун – Калыбек Бузурманкул уулу, Чүй облусу;

3-орун – Алмаз Ибрагимов, Ысык-Көл облусу.

90 кг:

1-орун – Темирбек Ибрагимов, Чүй облусу;

2-орун – Сапарбек Юсупов, Жалал-Абад облусу;

3-орун – Чынарбек Турматов, Жалал-Абад облусу.

90 килограммдан жогору:

1-орун – Нургазы Жолдошев, Жалал-Абад облусу;

2-орун – Бакир Кадырбеков, Ош облусу;

3-орун – Нурдөөлөт Кадырбеков, Баткен облусу.

Пикир

Оставить комментарий