• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чемпиондор лигасы: "Тоттенхэм" клубу "Лейпцигге" утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 20-февралда футбол боюнча Чемпиондор лигасынын 1/8 финалында "Тоттенхэм" менен "Лейпциг" командалары оюн өткөрдү.

Беттеш 1:0 эсебинде "Лейпциг" клубунун жеңиши менен аяктады.

Оюндун 58-мүнөтүндө "Тоттенхэмдин" оюнчусу орой ойногондуктан 11 метрлик айып соккусу белгиленди. Аны "Лейпциг" команданын футболчусу Тимо Вернер тээп, гол киргизди.

Эки команданын жооптук беттеши 11-мартта өтөт.

Эскерте кетсек, ошол эле убакытта "Аталанта" менен "Валенсия" командалары беттешти. Оюн 4:1 эсебинде италиялык команданын жеңиши менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий