• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Аталанта" клубу "Валенсияны" 4:1 эсебинде артта калтырды

Спорт 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 20-февралда футбол боюнча Чемпиондор лигасынын 1/8 финалында италиялык "Аталанта" менен испаниялык "Валенсия" командалары оюн өткөрдү.

"Жузеппе Меацца" стадионунда өткөн оюн 4:1 эсебинде италиялык команданын жеңиши менен аяктады.

"Аталанта" команданын оюнчулары Ханс Хатебур (2 гол), Йосип Иличич, Ремо Фройлер гол киргизди. Ал эми испаниялык клубдун оюнчусу Денис Черышев оюндун 66-мүнөтүндө гана гол жаратканга жетишти.

Эки команданын кийинки беттешти 11-мартта өтөт.

Эскерте кетсек, Чемпиондор лигасынын 2019-2020-жылкы сезонундо "Ливерпуль" командасы чемпион аталган.

Пикир

Оставить комментарий