• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ошто жазгы талаа жумуштары боюнча облустук штаб өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Кечээ, 31-март күнү КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев сезондук айыл чарба талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү максатында аткарылып жаткан иштер боюнча облустук штаб өткөрдү.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйында Ош облусунун райондорундагы жазгы айдап-себүү, жазгы сугат мезгилине өз мөөнөтүндө даярдыктарды көрүү максатында канал-арыктарды тазалоо иштери жана райондордун аймагындагы мал базарларды тартипке келтирүу маселелери каралды.

Облустук штабка райондук мамлекеттик администрация башчыларынын биринчи орун басарлары, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын башчылары катышып, тапшырмаларды алышты.

Пикир

Оставить комментарий