• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жээнбеков бир катар мамлекеттердин Элчилеринен Ишеним грамоталарды кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 24.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-майда Канада, Мексика, Эстония Республикасы, Финляндия Республикасы жана Кувейт Мамлекетинин Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигинин башталышы менен куттуктап, алардын жеке аракеттеринен улам өлкөлөр бири-бирине жакындап, аткарган иштери байланыштарды бекемдөөгө жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшөөрүнө ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы ар бир Элчи менен түрдүү тармактарда кызматташтык маселелери боюнча пикир алмашты.

Ал Кыргызстан достук мамилелерди өнүктүрүүгө, мамлекеттер ортосундагы байланыштарды жана иш жүзүндө кызматташтыкты бекемдөөгө, соода-экономикалык алакаларды өнүктүрүүгө зор маани берээрин белгиледи.

Эстониянын Элчиси Хейти Мяемеэс, Мексиканын Элчиси Альфонсо Зегме, Канаданын Элчиси Николя Бруссо, Финляндиянын Элчиси Микко Кивикоски, Кувейттин Элчиси Тарек Абдулла Аль-Фарадж Президентти алардын өлкөлөрүнүн Кыргызстан менен болгон достук байланыштарын тереңдетүүгө көмөктөшүүгө даяр экендиктерине ишендиришти.

Алар дипломатиялык, саясий жана маданий-гуманитардык диалогду мындан ары тереңдетүү, соода-сатык, экономика, билим берүү, туризм тармактарында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү керектигин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий