• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жээнбеков Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 25.95.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июнда Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайып Эрдоганды кайрадан Түркиянын Президенти болуп шайланышы, ошондой эле Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын жеңиши менен куттуктады.

Телефондук сүйлөшүүдө мамлекет башчылары Режеп Тайып Эрдогандын 2018-жылдын сентябрында Кыргызстанга боло турган расмий сапары жана анын алкагында кыргыз-түрк Стратегиялык Кызматташуунун Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүүгө даярдыктарды талкуулашты.

Мындан тышкары, быйылкы жылы Кыргыз Республикасында өтө турчу Түрк кеңешинин кезектеги жыйыны тууралуу сөз болду.

Сүйлөшүүнүн соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Президентине албан ийгиликтерди, бекем ден-соолук каалады.

Пикир

Оставить комментарий