• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жайыл районунда шайлоо учурунда мыйзамсыздыктын алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Жайыл районунда шайлоо учурунда мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алдыда өтө турган КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту сактоо жана ар кандай терс көрүнүштөргө жол бербөө максатында Жайыл РИИБдин, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын жана Кара-Балта шаарынын мэриясынын жетекчилери ошондой эле айыл аймактардын башчылары жер-жерлерде жергиликтүү жашоочулар менен жолгушууларды уюштурушту.

Ар бир жолугушууда алдыда өтө турган шайлоо учурунда мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындай жолугушуулар Жайыл районунун 12 айыл аймагында жана Кара-Балта шаарында болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий