• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

1-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 1-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 1-декабарда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, облусунда +12...+17, Талас облусунда +11...+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көл облусунда +5...+10, Нарында 0...-5 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкекте шаарында абанын температурасы +15...+17 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий