• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

12-декабрда “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” фестивалы башталат

Маданият 0

Бишкек, 21.11.18. /Нуржигит Бейшебаев - Кабар/.12-декабрда “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” фестивалы башталат. Бул тууралуу кинофестивалдын директору Фархад Бекманбетов билдирди.

КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрү катышкан бул кинофестивалга 500дөн ашык арыз келип түшкөн. Сынакка өткөн катышуучулардын аттары жакын арада белгилүү болот.

Фестивалда эки – улуттук жана эл аралык сынактык программа болуп, анын ар биринде 15тен тасма жарышат. Ал эми аларга КМШ, Балтия жана Грузиядан келген белгилүү кинематографисттер калыстык кылат.

Белгилей кетсек, бул кинофестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып уюштурулууда.

Кинофестивалдын ачылышы 12-декабрда “Манас” кинотеатрында саат 12:00дө болот. 15-декабрда жеңүүчүлөр аталып, аларга “Мыкты тасма”, “Мыкты режиссерлук иш”, “Калыстардын атайын сыйлыгы”, “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү” номинациясындагы наамдар ыйгарылат.

Пикир

Оставить комментарий