• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте профессор Сарылкан Жолдошбекованын 70 жылдык мааракеси белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 20.03.23./Кабар/. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде 40 жылдан ашуун эмгектенген педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Сарылкан Жолдошбекованын 70 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдайт.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, окумуштуунун замандаштары, илимпоздор, жакындары жана кесиптештери катышты.

Анда Сарылкан Жолдошбекованын билим берүү тармагына кошкон салымы тууралуу кенен маалымат берилип, куттуктоолор айтылды.

Мааракелик иш-чара обондуу ырлар, жалындуу куттуктоолор менен коштолду.

Сарылкан Жолдошбекова 1953-жылы 4-мартта Жайыл районунун Сосновка айылында туулган. Ленинграддагы Жогорку профсоюздук маданият окуу жайын аяктаган. КМИИУда 1979-жылдан тартып эмгектенип келет.

Ондогон илимий эмгектердин жана макалалардын автору.

Пикир

Оставить комментарий