• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

12-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 12-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 12-январда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6...+11, Талас облусунда +5...+10, Ысык-Көл облусунда 0...+5 градус жылуу, ал эми Нарын облусунда -9...-14 градус суук болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абынын температурасы +9...+11 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий