• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

12-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.06.18. /Кабар/. Эртең, 12-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;

Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Баткен облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12; күндүз 21…26.

​Эртең, 12-июнда Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17 күндүз 28…30.

Пикир

Оставить комментарий