• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

12-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 12.10.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 12-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көл облусунда +14...+19, Нарын облусунда +15...+20 градус болору күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +20...+22 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий